Чет мамлекеттерге кыргызстандын абитуриенттеринин тапшыруусу — Быйылкы окуу жылына кайсы өлкөлөрдөн квота бөлүндү?

Sputnik
Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылына кыргызстандык абитуриенттер үчүн квоталар бөлүнүп, учурда документтерди тапшыруу иштери жүрүүдө. Алсак, Венгрия, Кытай, Казакстан, Сауд Арабия жана Россия өлкөлөрү гранттык орундарды берди. Стипендия төлөнөт, медициналык жактан камсыздандырылат жана жатакана берилет.
Чет мамлекетте билим алуу, стипендиялар, чет өлкөлүк квоталар туурасында маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогоркуу окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева айтып берди.