2004-жылкы үлгүдөгү ID-картасын жаңысына алмаштыруу өнөктүгү кандай жүрүүдө?

Sputnik
1-июлдан тарта 2004-жылы чыгарылган AN сериясындагы сары ID карталарды жаңы үлгүдөгү ID карталарга алмаштыруу боюнча улуттук өнөктүк башталды. Өнөктүк 31-августка чейин болот, бул убакытта жарандар акысыз негизде паспортторун алмаштыра алат. Жаңы ID карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт, бул алардын корголушун жана пайдалануунун ыңгайлуулугун жогорулатат. Карталарды алмашуу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет. Акцияга жарандардын катышы кандай болуп жатат? Өлкөдө мөөнөтсүз паспорттордун саны канча? Ушул суроолорго Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Кубанычбек Садамбеков жооп берет.