Салык боюнча отчетторду кантип автоматтык түрдө түзсө болот? Түшүндүрмө

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жөнөкөйлөтүлгөн салык режими боюнча отчетторду автоматтык түрдө түзүү үчүн электрондук сервис ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Бул кызмат cabinet.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу жеткиликтүү.
"Сервисти колдонуу үчүн салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "Е-отчеттор" бөлүмүнөн "Макулдашууну" түзүү керек. Документти түзүүдө отчеттун түрүн, иштин түрүн жана аймактык салык органын көрсөтүү зарыл. Макулдашуу түзүлгөн соң кийинки отчеттук мезгилден (айдан же чейректен) баштап отчет автоматтык түрдө айдын 18 жана 19-күндөрүндө түзүлүп, "Электрондук отчеттордун журналы" бөлүмүндө жеткиликтүү болот. Ишкер даяр отчетту текшерип, салык органына жөнөтө алат", — деп жазылган маалыматта.
Отчетто туура эмес маалыматтар болсо өзгөртүүлөрдү киргизүү жана отчетту кол менен толтуруу мүмкүнчүлүгү да каралганы кошумчаланды.
Радио
Султаналиева: ишкерлерде салык төлөө режимин тандоо мүмкүнчүлүгү бар