Индиянын премьер-министри Москвага барды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Москвага барды.
Анын сапары 9-июлга чейин созулат. Эртең президент Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Модини РФтин биринчи вице-премьери Денис Мантуров тосуп алган.
Эки өлкөнүн лидерлери Россияда Индиянын RuPay төлөм системасын жана Индияда россиялык "Мир" төлөм системасын колдонууну талкуулашат. Соода жана коргонуу маселелери да күн тартибине кирген.
Бул — Модинин Индиянын премьер-министри болуп кайра дайындалгандан берки чет өлкөгө биринчи сапары.
Виктор Орбан эми Кытайга барып Си Цзиньпин менен жолукту