РКӨФ 42 полимер буюмдарын чыгарган ишкананы 42 млн. сомго каржылады

Ишкана жылына эки миллион орнотуучу жана монтаждоочу полимер куту чыгарып, өлкөнүн муктаждыгынын 50 пайызын жабары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) полимер буюмдарын чыгарган ишкананы 42 миллион сомго каржылады. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарда Чүй облусунда жайгашкан бул ишканын өлкөдө аналогу жок экени айтылган.
"Ишкана жыл сайын эки миллион буюм чыгарып, орнотуучу жана монтаждоочу кутуларга болгон өлкөнүн муктаждыгынын 50 пайызын жабат. Калганы сырттан ташып келинет. Макулдашуунун алкагында аталган компанияга фонд 42 миллион сом бөлөт. Ал өндүрүш кубаттуулугун эки эсе көбөйтүп, 11,2 миллион долларлык импортту толук алмаштырат", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жалпы курулуш тармагына 173 миллион долларга 257 долбоорду каржылаганы кошумчаланды.
Сентябрдын аягында Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет