Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Стратегия жок. Пентагондун экс-кеңешчиси НАТОнун Украина боюнча аракети тууралуу

Эксперт Франция президенти Эммануэль Макрондун саммитке ыйгарым укугу кыйла кыскарган президент катары барарын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Украина боюнча анык бир стратегиясы жок болгондуктан Түндүк атлантикалык альянс ой келди чечимдерди кабыл алууда. Бул тууралуу Пентагондун мурунку кеңешчиси Теодор Постол Dialogue Works YouTube каналына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

"НАТОдон кандайдыр бир стратегия байкаганым жок. Менимче, алар ары урунуп, бери урунуп эмне кылар айласын таппай турат", — деген Постол.

Анын айтымында, НАТОнун алдыда боло турган саммити бир нече себептен улам оңой болбойт. Биринчиден, катышуучулар АКШ президенти Жо Байдендин кайсы бир маселелерде компетенттүү экенин, эки тизгин, бир чылбырга канчалык деңгээлде ээлик кыларын түшүнүүгө умтулат. Экинчиден, Франция президенти Эммануэль Макрон саммитке ыйгарым укуктары кыйла кыскарган президент катары барат. Үчүнчү себеп катары эксперт Олаф Шольцтун саясий ишмердүүлүгү олуттуу кабыл алынбай турганын белгилеген.
НАТО саммити Вашингтондо 9-11-июль күндөрү өтөт. АКШ администрациясындагы аткаминерлердин айтымында, иш-чарада Байден менен Зеленскийдин жолугушуусу күтүлүп жатат.
Путин менен эпке келсе болот экен. Орбандын Россияга сапары Батышка бүлүк салууда