Селден улам Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолу жабылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 71-чакырымында (эки жерде) каттам токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирип, видеосун таратты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта да ал аймакта жамгыр төгүп жатат.
Ошондой эле аталган трассанын 133-135-чакырым аралыгында (3 жерде) жол бир тараптуу жабылды.
Сел түшкөн тилкелерге Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техникалар тартылганы кошумчаланды.
Министр Ноокатта селден кийин электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин көрдү