ӨКМ: Ош, Баткен облустарында сел жүрүп, жолдор жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ош, Баткен облустарында сел жүрүп, жолдор жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон топтолгон суулар төмөндөгү жерлерди каптаган:
Баткен районунда Айгүл-Таш — Согмент-Таян унаа жолунун 3-8-чакырымын кум-шагылга толтуруп, жол каттам жабылган;
Кара-Булак айылында сел өтүүчү сайга суу келгени тууралуу маалымат түшүп, жерине Баткен шаардык ӨКБден ыкчам топ тартылган;
Лейлек районунда Раззаков — Андарак — Көк-Таш унаа жолун жана Тогуз-Булак — Миң-Жыгач айылдарын байланыштырган жол кум-шагылга толгон;
Ынтымак айылында Откорм тилкесинде турак үйдүн короосун каптап, жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө Раззаков шаардык мэриясынан экскаватор, жергиликтүү бийликтен 10 адам тартылган;
Ош облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Үч-Коргон — Дароот-Коргон унаа жолунун 23-27-чакырымынын беш жеринде сел жүрүп, жол убактылуу жабылган;
Гараж, Анипа, Чогорок, Шамбесай жана Ак-Чечек сайларынан сел суусу агып, 1400 метр ички чарбалык жол бузулган. Жерине Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, үч экскаватор, бир самосвал тартылды;
Алай районунда Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 70-71-чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылган. Жерине Алай райондук ӨКБден ыкчам топ жана бир жүктөгүч, бир грейдер тартылган.
Селден улам Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолу жабылды. Видео