Виктор Орбан эми Кытайга барып Си Цзиньпин менен жолукту

Премьер буга чейин Украинага, андан кийин Россияга барып өлкө лидерлери менен сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кытайга барып, төрага Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу Пекиндин Борбордук телевидениесине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Кытай — Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотуп тынчтык орнотууга шарт түзүүдө орчундуу мааниге ээ держава. Дал ушул себептен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин эки ай мурда эле Венгрияга жасаган сапарынан көп узабай Пекинге келип отурам", — деген Орбан.
Бул — Орбандын "тынчтык миссиясынын" алкагындагы үчүнчү сапары. Өткөн жумада премьер Украинага барып Владимир Зеленский менен жолуккан. Анын тынчтык орнотуу сунушун Киев бийлиги четке какты. https://sputnik.kg/20240703/zelenskij-orbandyn-sogushtu-toktotuu-sunushun-chetke-kakty-1086637682.html
Жума күнү Москвага сапар алып, РФ лидери Владимир Путин менен жолукканы маалым. Орбан Россияга болгон визитин өлкөсүнүн кызыкчылыгы жана тынчтык орнотуу далалаты менен түшүндүргөн. Анткен менен визит Батышта терс реакция жаратты. ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель менен Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель атайын билдирүү таратып, Орбан ЕБдин тышкы саясатында өкүл боло албай турганын жана Россияга барууга мандат берилбегенин айтып чыгышты. Ал эми Еврокомиссия премьердин сапары Батыштын Украинага карата биримдигине доо кетирип жатканын билдирген.
Орбан өз кезегинде "брюсселдик бюрократтардын Украинада тынчтык орнотуу боюнча акылга сыйгыс чечимдери" эч кандай жыйынтык бербегенин белгилеген. Ал эми Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто премьердин кийинки кадамдары да европалык саясатчылар үчүн кыйла күтүүсүз болорун, мындан улам баарына даяр туруусун эскерткен.
Путин менен эпке келсе болот экен. Орбандын Россияга сапары Батышка бүлүк салууда