Москвада эл аралык коопсуздук боюнча конференция өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Москвада эл аралык коопсуздук боюнча XII конференция өтө турганын Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Иш-чара 13-августта болот.
Коргоо ведомствосунун башчысы Андрей Белоусовдун айтымында, көп полярдуу дүйнөлүк тартип калыптанып жаткан мезгилде биргелешкен күч-аракеттер гана ачык диалог аркылуу эл аралык аренадагы тирешүүнү азайтып, кырдаалды турукташтыра алат.
"Биз коргоо ведомстволорунун, эл аралык уюмдардын, эксперттик жана саясат таануу коомчулугунун өкүлдөрүн учурдагы аскердик-саясий кырдаалды талкуулоого, глобалдык жана аймактык коопсуздуктун адилеттүү архитектурасын калыптандыруу боюнча өз көз караштарын билдирүүгө чакырабыз", — деди Белоусов.
Конференциянын катышуучулары "Жакынкы Чыгыш жана Африка: учурдагы жана потенциалдуу куралдуу кагылышуулар", "Азия-Тынч океан аймагындагы аскердик кызматташтык: тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу факторубу же милитаризациянын күчөшүнүн булагыбы?", "Дүйнөлүк түштүк өлкөлөрүнүн аскердик ведомстволорунун ролу", "Эл аралык коопсуздук архитектурасын калыптандыруу" боюнча темаларды талкуулашат.
Казакстанда ЖККУнун кезектеги машыгууларын талкуулашты