Бишкекте өспүрүмдү опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте өспүрүмдү коркутуп, акча талап кылган деген шек менен милиция кызматкери кармалганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматта окуя 6-июлда болгону айтылат. ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери электрондук тамеки чегип отурган өспүрүмдү айып салам деп коркутуп, акча талап кылып, каражатын банкоматтан чыгартып алган.
Башкы прокуратура өспүрүм моралдык-психологиялык кысымдын кесепетинен окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, ага геморрагиялык инсульт диагнозу коюлганын маалымдады. Ал эми милиция кызматкери из жашыруу максатында оор абалда жаткан баланы жеринде таштап кеткени кошумчаланды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу”) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
ЖК электрондук тамекиге тыюу салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды