Радио

Эксперт: Кыргызстанда тоо велотуризмин өнүктүрүүгө басым жасаса болот

Туризм боюнча эксперт Самат Шатманов Кыргызстан чет элдик эс алуучулар үчүн жаратылыш ландшафттарына басым жасап, каражат табууну өздөштүрүшү керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстан Борбор Азиядагы уникалдуу жаратылыш ландшафттарына бай болгондуктан тоодогу велотуримзди өнүктүрүп, көптөгөн маршруттарды түзүүгө болот. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эч ким көрбөгөн, барбаган жерлерге велотур уюштуруп, экстремалдык спорт сүйүүчүлөрүн чакырууга жакшы мүмкүнчүлүк бар.
"Кыргызстан – Борбор Азиядагы уникалдуу жаратылыш ландшафттарына бай өлкө. Аны туура колдонуп, көп киреше көрүүгө болот. Алсак, тоодогу велотуризмди өнүктүрүп, көптөгөн маршруттарды түзүүгө болот. Бүгүнкү күндө экстремалдык велоспорт сүйүүчүлөрү эч ким көрбөгөн, барбаган жерлерди издешет. Болгону велотурларды уюштуруп, маркетингге да маани берүү керек. Жадагалса, эл аралык масштабда фестиваль, мелдеш уюштуруп, аларды чакыруу зарыл", — деди Шатманов.
Ошондой эле ал туристтик инфратүзүмдү жакшыртууга үзгүлтүксүз иштер жасалып, креативдүү чечимдер керек экендигин кошумчалады.