ӨКМ: Ысык-Көлдүн Тоңдогу айылында чагылган түшүп, 250 баш кой өлдү

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Тоң районунун Кажы-Саз айылына чагылган түшүп, натыйжада 250 баш кой өлгөн. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгы 7-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Жазы-Кечүү жайлоосунда болгон.
"Тоң районунун Жазы-Кечүү жайлоосунда болжол менен 250 баш кой чагылган тийип өлдү. Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына маалымат саат 18:44тө түшкүн. Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгѳ Жарандык коргонуу комиссиясы жана райондук ƟКБ кызматкерлери саат 19:00дө жөнөп кетишкен", — деп жазылат маалыматта.
Чагылган тийген адамды кантип сактап калса болот? Адистин кеңеши