Жогорку Кеңешке үч жаңы депутат келди

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. №5 Ноокат, №29 Свердлов, №36 Ысык-Көл шайлоо округдарынан жеңип чыккандар парламенттин депутаты катары катталып, мандат тапшырылды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Эскерте кетсек, 30-июнь күнү үч аймакта шайлоо өтүп, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Бакытбек Марипов, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жумабек Салымбеков жана №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Айжигит Тыналиев добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болушкан.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Буга аталган округдардан депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарыбагышев жана Шайлообек Атазовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганы себеп болгон.
Ысык-Көлдө өтүп жаткан иш-чарада жаштардын шайлоодогу ролу талкууланды