Чүйдөгү кампалардын биринен 5 тонна дары чөптүн тамыры табылды

Аталган өсүмдүктүн килограммы 1000 сомдон 1200 сомго чейин бааланары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Чүй облусундагы кампалардын биринен беш тоннага чукул дары чөп (Dictamnus L, ясенец) табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүктү тиешелүү уруксат документтери жок эле чет өлкөгө сатуу максатталган.
1 / 3

Чүй облусундагы кампалардын биринен беш тоннага чукул дары чөп (Dictamnus L, ясенец) табылды

2 / 3

Маалыматка ылайык, жүктү тиешелүү уруксат документтери жок эле чет өлкөгө сатуу максатталган

3 / 3

Ошондой эле минкабдын 28-майдагы токтому менен аталган өсүмдүк даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салынган (мораторий) тизмеге киргизилгени кошумчаланды

"Жалпы салмагы 4923 килограмм өсүмдүктүн тамыры жана аны кесип, кургатууга даярдоочу станоктор табылды. Жапайы өсүмдүктөрдү жыйноо жана сактоо менен алектенген кампа ижарачылары бул ишкердикке тийиштүү уруксат албай экологияга зыян келтиришкен. Аталган өсүмдүктүн килограммы 1000 сомдон 1200 сомго чейин бааланат. Муну менен мамлекетке 24 миллион 615 миң сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле минкабдын 28-майдагы токтому менен аталган өсүмдүк даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салынган (мораторий) тизмеге киргизилгени кошумчаланды.
Дарыгер көп ооруга шыпаа болчу дары чөптөрдү тизмектеди