Сентябрдын аягында Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет

Учурда курулуш иштеринин 90 пайыздан ашыгы аткарылып, заводду сентябрдын этегинде ишке берүү мерчемделип жатканы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Сентябрдын соңунда Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунайды кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушу менен таанышкан.
1 / 3

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунайды кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушу менен таанышкан.

2 / 3

Учурда курулуш иштеринин 90 пайыздан ашыгы аткарылып, заводду сентябрдын этегинде ишке берүү мерчемделип жатканы белгиленген

3 / 3

Учурда 4 мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат. Инвестициянын жалпы суммасы – 91 миллион доллар. 51 адам иш менен камсыздалган. Завод ишке кирсе 150 жумуш орду түзүлөт

"Былтыр март айында Түндүк Сох жана Чонгара Галча мунай кендерин биргелешип иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы түрк компаниясы менен макулдашкан", — деп жазылган маалыматта.
Учурда курулуш иштеринин 90 пайыздан ашыгы аткарылып, заводду сентябрдын этегинде ишке берүү мерчемделип жатканы белгиленген.
"Учурда 4 мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат. Инвестициянын жалпы суммасы – 91 миллион доллар. 51 адам иш менен камсыздалган. Завод ишке кирсе 150 жумуш орду түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тиешелүү экспертизаларды жүргүзгөнү кошумчаланды.
Бишкектин четинде 6,5 млн. долларлык кабель чыгаруучу завод ачылды. Сүрөт