Кыргызстандын аскер кызматкерлери Казакстандагы машыгууга катышууда

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аскер кызматкерлери "Бірлестік-2024" ("Биригүү-2024") эл аралык аскердик машыгууларына катышууда. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирди.
Иш-чара Мангистау облусунда 8-июлдан 17-июлга чейин Оймаша полигонунда жана Токмакка жакын деңиз зонасында өтүүдө. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышып жатат.
1 / 3

Кыргызстандын аскер кызматкерлери "Бірлестік-2024" ("Биригүү-2024") эл аралык аскердик машыгууларына катышууда

2 / 3

Иш-чара Мангистау облусунда 8-июлдан 17-июлга чейин Оймаша полигонунда жана Токмакка жакын деңиз зонасында өтүүдө

3 / 3

Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышып жатат

"Сценарийге ылайык, аскер кызматкерлери куралдуу кагылышууну токтотуу боюнча биргелешкен операцияны өткөрүшөт. Машыгуунун катышуучулары жасалма террористтер басып алган аралды бошотуу, деңиздеги коопсуздукту камсыздоо жана инфраструктураны коргоо боюнча иш жүргүзөт", — деди Коргоо министрлиги.
Маалым болгондой, машыгууга Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыкчам тобу жана "Скорпион" атайын багыттагы отрядынын 50гө жакын өздүк курамы катышууда.
"Жалпысынан машыгууларга төрт миңге жакын аскер кызматкери, ошондой эле 700гө чукул курал-жарак, аскердик жана атайын техника, анын ичинде учактар жана кемелер тартылган", — деди министрлик.
Казакстанда ЖККУнун кезектеги машыгууларын талкуулашты