Бийликти басып алууга чакырган деп Кербен шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Шектүү мезгил-мезгили менен чагымчыл материалдарды социалдык тармактагы баракчасына жарыялап турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган делип Кербен шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 2

Массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган делип Кербен шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты кармалды

2 / 2

Маалыматка ылайык, шектүү социалдык тармактар аркылуу чагымчыл материалдарды жарыялап турган

Маалыматка ылайык, шектүү социалдык тармактар аркылуу чагымчыл материалдарды жарыялап турган.
"Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандык") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Кербен шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Н.Ж.К. кармалды. Ал социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жарыялаган", — деп жазылат маалыматта.
Депутат УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК: бийликти басып алуу Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган