Үйлөргө газ киргизүүдө элди алдаган шылуундар пайда болду. Айрымдары ишти аткарбай, акчасын да кайтарбай кетсе, кээси газды туура эмес киргизип тургундардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Ислам Абдикаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шылуундарга кабылбоо үчүн газ киргизген компаниялар менен расмий келишим түзүү керек.
"Үйдү газдаштырып берем деп акча алып кетип, бир канча айдан бери бизди алдап жүрөт" деген арыздар түшүп турат. Учурдан пайдаланып элге кайрыла кетейин. Эгерде үйдү газга кошом же газга тиешеси бар кандайдыр бир кызматты пайдаланам деп "Газпром Кыргызстанга" эмес жеке жактарга кайрылсаңыз, аларга мамлекет тарабынан берилген атайын уруксат кагаздарын сураш керек. Келишим түзгөндө оозеки эмес, кагаз жүзүндө түзүү зарыл. Анткени кийин жеке компаниялар милдетин аткарбай койсо, келишимдин негизинде каражатын кайтарып алса болот. Шылуундарга кабылганда башкы маселе каражатта эмес, коопсуздукта. "Арзан киргизип берем" деп эптеп жасап коюп, мунун соңу кейиштүү окуялар менен аякташы мүмкүн", — деди Абдикаров.
Ошондой эле ал "Газпром Кыргызстан" компаниясы калктуу конуштарга газды инвестициялык негизде бекер жеткирерин, үйлөргө газ киргизүү иштерин келишимдин негизинде жеке компаниялар жүргүзөрүн кошумчалады.