Радио

Кыргызстанда боордун рагы менен цирроздун келип чыгуу себептери изилденди

Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун вирустарды көзөмөлдөө илимий-практикалык борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов циррозго жана боордун рагына каршы жүргүзүлгөн илимий изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу айтты.
Sputnik
Жыл сайын боордун циррозунан эле дүйнө жүзү боюнча бир миллиондон ашык, ал эми боордун рагынан 788 миң адам каза болот. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда эле боорун алмаштыруу үчүн 17 миң адам кезекте турат.
"Боордун рагы жана циррозу өмүргө кооптуу, өтө опурталдуу ооруларга кирет. Жыл сайын боордун циррозунан эле дүйнө жүзү боюнча бир миллиондон ашык адам каза болот. Ал эми боордун рагынан 788 миң адам көз жумат. Ушундан улам COVID-19дун таасири, эпидемиологиялык көзөмөлдүн кемчиликтери жана аны жакшыртуу таризинде германиялык Роберт Кох атындагы илимий институт менен биргеликте изилдөө жүргүзүп, боордун циррозун жана рагын иликтөө керектигин түшүнүп, ишти баштаганбыз. Акыркы учурда гепатиттин В, С, Д түрлөрү боюнча көрсөткүч 6-7 эсеге жогорулап кетти. Аны көзөмөлдөй келгенде эпидемиологиялык кемчиликтер катталып, өлкөдө канчасы каза болгону так болбой жатат. Гепатиттен циррозго, андан ракка өтүп кетип каза болгон күндө да себеби гепатит деп жазылбай, рак катары эсептелип келген. Изилдөөгө Бишкек, Ош, Жалал-Абаддагы улуттук, облустук госпиталдар менен онкологиялык ооруканалар алынды. 2019-жылдан берки катталган цирроз, боордун рагы гепатиттин кайсы түрүнөн келип чыккандыгын изилдедик. Натыйжада цирроз менен ооругандардын 43 пайызы гепатиттин В түрүнөн, 22 пайызы гепатиттин С түрүнөн жуккан. Ал эми гепатиттин В, С түрүнүн кошулмасынан жуккандар үч пайызды түздү. Ошону менен жалпысынан алганда Кыргызстандагы цирроз менен ооругандардын 67,7 пайызынын дарты гепатиттен келип чыккан. Боордун рагы менен ооругандардын 29 пайызы гепатиттин В түрүнөн, 29 пайызы гепатиттин С түрүнөн улам жабыркашууда. Ал эми экөөнүн кошулмасынан улам ракка кабылгандар 3 пайыздан ашык. Жалпысынан боордун рагы менен жабыркагандардын 61 пайызынын илдети гепатиттин В, С, түрүнөн келип чыккан ", — деди Нурматов.
Ал эпидемиологдор жарандардын операцияга муктаж болуп калышын алдын алууга кызыкдар экенин кошумчалады.