Бала бакча жана ооруканалардын имараты бийиктеши мүмкүн. Буйрук долбоору

Мекеме мындай чара башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги социалдык объектилердин кабаттарын көбөйтүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү ведомстволук буйруктун долбоору коомдук талкуу сайтына жарыяланды.
Мекеме мындай чара башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынганы, объектилердин сапатын жана курулуштун жер титирөөгө туруктуулугунун стандарттарын жакшыртуу үчүн зарыл экени белгиленген.
Мамкурулуштун буйругунун долбоорунан негизги учурлар:
саламаттык сактоо мекемелеринин кабатынын санына чектөө алынды;
социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик объектилеринин кабаттарынын саны көбөйүүдө;
сейсмикалык туруктуулугу 8 баллга жеткен аймактарда мектеп, бала бакчалардын бийиктиги беш жана төрт кабат менен чектелет (учурда мектептер үч кабаттан, ал эми бала бакчалар эки кабаттан жогору болбойт);
сейсмикалык туруктуулугу 9 баллдан ашкан жерлерде мектептердин жана бала бакчалардын бийиктиги үч жана эки кабат менен чектелет;
сейсмикалык коргоонун атайын системаларын колдонууда бала бакчалардагы кабаттардын санын көбөйтүүгө болот.
Депутат Мамкурулуш жетекчисин майыптар үчүн коляска менен шаар кыдырууга чакырды