АКШда Украина аскерин Беларустун чек арасына эмнеге тартып жатканын айтышты

Беларустун Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Владимир Куприянюк Минск Украинанын чек арада активдешүүсүнөн улам түштүк чек арасын бекемдеп жатканын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Украина чагым жасоо үчүн аскер күчтөрүн Беларустун чек арасына тартууда. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы талдоочусу Ларри Жонсондун айтканына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Эксперттин божомолунда, Беларусту чабуул жасоого мажбурлоо аракети болуп жатат.
"Киев бийлиги эгер Беларусь биринчи болуп чабуул баштаса НАТО өлкөлөрү жардамга келет деген ойдо", — деген Жонсон.
Ал Украина түндүк тараптагы коңшусу менен түз кагылышууга барса НАТО мамлекеттери Киевге жардам бербей турганын белгиледи.
Буга чейин Беларустун Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Владимир Куприянюк Минск Украинанын чек арада активдешүүсүнөн улам түштүк чек арасын бекемдеп жатканын кабарлаган. Анын айтымында, коопсуздукту камсыздоо үчүн болушу мүмкүн делген чагымчылыкка даяр туруу максатында ар кандай машыгуулар үзгүлтүксүз өтүп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ чалгынчысы Киевди көзөмөлдөп, Зеленскийди өлүм менен коркуткандарды атады