9-июлга карата аба ырайы

9-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. 9-июль, шейшембиде, айрым райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын облусунда +21...+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +31...+33, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин жетет.
Сентябрдын аягында Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет