Дизайн – мен үчүн жөн эле жумуш эмес, жашоо тапшырмаларын чечүүдө жардам берген күч. Графикалык дизайнер менен интервью

Sputnik
Дизйнерлик өзгөчө креативдүү ой жүгүртүүнү талап кылып, тактыка, бир нерсеге дыкат көңүл бурууга тарбиялайт деген биздин коногубуз өзү аркалаган кесибинин түмөн түйшүгү, жан эргиткен рахаты тууралуу “Стимул” программасынын алкагында маек курду. Чыгармачылыкты талап кылган бул кесип жөн гана нан таап жеген жумушум эмес, жашоодо туш болгон кыйынчылыктарда да дизайнерлик көз караш менен караганда жообун табам деген каарманыбыз, аталган кесипти аркалагысы келген жаштарга да баалуу кеңештерин айтты.