Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолунун келечеги кандай?

Sputnik
Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу маршруту өтө турган эл аралык долбоордун узундугу 311,75 чакырымды түзөт. Ал эми жүк жүктөөчү станция Макмалда жайгаштырылары мерчемделүүдө. Болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болору айтылган кылымдын жолу аталган бул долбоорду парламент эс алууга жөнөп жатып кабыл алып берген. Келечеги кандай? Кыргызстан үчүн эмне алып келет?
Экономист Улукман Мамытов өзүнүн “Экономикалык панорама” программасында ой жүгүртүп көрдү.