Суучулдар суунун муздагынан невритке кабылып же өлүктөн чочуп калат

Sputnik
Жай мезгили келип, эс алуу маалында же ысыктан адамдар сууга түшүүгө көп барат. Бул жерде коопсуздук маселелси биринчи орунда. Сууга байланышкан кырсыктарда дайыма суучулдар жана суудан куткаруучулар жардамга келерии шексиз. Учурда өлкөдөгү жеке менчик жайларда, бассейндерде да суу куткаруучуларын алууга милдеттендирилген. Тилекке каршы аны аткарбагандар да бар. Бирок мурдагыга караганда жоопкерчилик өскөнүн, суу куткаруучуларына суроо-талап көбөйгөнүн мейманыбыз белгиледи. Учурда ӨКМ атайын окуу борборунда бул кесип ээлерин даярдап жатат. Ага да атайын талап менен тандалат. Психологиялык жагы да маанилүү.
Сабыржан Аламанов бул кесип ээлеринин кыйынчылыктарын жана суудан куткаруу, коопсуздук эрежелери тууралуу толук айтып берди.