Телефондорду милдеттүү каттоо мыйзамдуулук жана коопсуздукту күчөтөбү?

Sputnik
Кыргызстанда 25-июндан тарта бардык байланыш каражаттарын Мамлекеттик идентификациялык системага милдеттүү түрдө каттоо башталды. Бийлик бул аракет контрафактылык жана уурдоо фактыларын олуттуу кыскартарын кабарлады. Бул жаңы милдеттенмелер элдин жашоосуна кандай таасир этет? Жеке маалыматтарды коргоону күчөтөбү же коркунуч жаратабы? Чоочулачу кандай көйгөйлөр бар?
Ушул жана башка суроолорго IT-специалист Сагынбек Калбото уулу жооп берди.