5 жылдык эмгек стаж, 5 жылга артка пенсия алуу мүмкүнчүлүгү. Өлкөнүн пенсия системасына дагы кандай өзгөрүүлөр кирди?

Sputnik
Ушул жылдын арпель айында Жогорку Кеңеш "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамдарын кабыл алып, май айында өлкө башчысы кол койгон. Анын алкагында ушул жылдын июль айынан тартып 80 миңге чукул пенсионер 3500 кем эмес баар акы ала турган болсо, күздөн тарта ал сумма 6900 сомго көтөрүлөрү белгилүү. Муну менен катар мурда эмгек стажы жеткиликтүү болгон учурда мөөнтүнөн мурда пенсияга чыгуу нормасы жоюлган жана камкорчусунан ажырап калган өспүрүмдөр эми 16 жашка чейин эмес, 18 жашка чейин, окуган учурда 23 жашка чейин пенсия алып турушу мыйзамга кирген.
Пенсиялык системаны жөнгө салган мыйзамда дагы кандай өзгөрүүлөр бар экенин Социалдык фонддун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов түшүндүрүп берди.