Улуттун саламаттыгы — башкы баалуулук. Садыр Жапаров медиктерди куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосун анын маалымат кызматы таратты.
Анда ак халат кийип адамдардын ден соолугуна кам көрүү өзгөчө кесип экени, улуттун саламаттыгы өлкөнүн башкы баалуулугу болуп саналары айтылган.

"Ошондон улам мамлекет медицинаны өнүктүрүүгө өз күчүнөн тышкары, инвестиция тартуу менен саламаттык сактоо тармагын модернизациялоонун, ооруканаларды заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен жабдуунун жана эл-журтубузга сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн аракетин көрүп келет. Жакында эле алыскы аймактардагы элибиздин саламаттыгына кам көрүү иштерин арттыруу максатында жаш адистерге айлыгынан сырткары стипендия чегерүү, врачтын депозитинин суммасын көбөйтүү, ошону менен бирге врачтык, орто медициналык жана кенже персоналдардын маяналарын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчы Бишкек шаарындагы заманбап Перинаталдык борбордун ачылышын, өлкөдө биринчи жолу боорду алмаштыруу боюнча операциянын ийгиликтүү өтүшүн мисал келтирип, аталган тармакта жылыштар болуп жатканын белгилеген.
Жапаров медиктерге ден соолук, иштерине ийгилик каалап, саламаттык сактоо тармагын бирге алдыга жылдырууга чакырган.
Садыр Жапаров медиктердин маянасын көтөрдү. Ким канча ала баштайт?