Вашингтондо НАТОго каршы митинг өтүүдө

Акцияда Израилге курал-жарак берүүнү токтотуу чакырыктары да айтылып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. НАТОнун саммитин утурлай Вашингтондо нааразылык акциясы өтүп жатат, ага катышкандар альянсты жоюп, дүйнөнүн булуң-бурчундагы АКШнын аскердик базаларын жабууга чакырышууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, НАТОнун саммити 9-11-июлда Вашингтондо өтөт.
Митингчилердин плакаттарында "НАТОго каршы тургула! Укук жана боштондук үчүн элдик күрөштү колдогула", "АКШнын империализмин токтоткула" жана "НАТО колдогон согуш токтотулсун! АКШнын базалары жабылсын! Африкадан, Азиядан жана Латын Америкасынан америкалык аскерлер чыгарылсын!" деген ураандар жазылган.
Жыйынга бир катар штаттардын жарандык активисттери катышууда, митингчилер Израилге курал-жарак берүүнү токтотууга да чакырып жатышат.
Палестина-Израиль чатагынын жаңы раундунан кийин АКШда кеңири масштабдуу нааразылык акциялары үзгүлтүксүз өтүп, басымдуу көпчүлүгү Палестинаны жана Газа тилкесинде ок атууну токтотууну колдоодо.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан НАТОнун Украина боюнча саясатын сындады