Валерий Кичин Өзбекстандын "Локомотив" футболдук клубу менен келишим түздү

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Россиянын "Енисей" клубунан кетип, Өзбекстандын "Локомтив" футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалыматында айтылат.

"Локомотив" 2023-жылы Өзбекстандын Про-лигасында 15 жолу жеңишке жетип, үч ирет тең чыгып, экөөнөн жеңилүү ызасын тартып, чемпион болгон.

32 жаштагы борбордук коргоочу Валерий Кичин улуттук курамада 47 беттеш өткөрүп, беш жолу гол киргизген. Акыркы төрт сезондо ал Россиянын "Енисей" командасында ойноп 119 беттешке чыккан.
Бүгүн Жалал-Абадда футбол боюнча CAFA U-20 Championship турнири башталат