Бел кубатты канча жашка чейин узартса болот? Урологдун видеомаеги

Sputnik
Уролог Болот Рысбаев менен маек куруп, баланы канча жаштан тартып адиске көрсөтүү керектигин, простатит, импотенциянын себептерин сурадык. Рысбаев баланын жыныс мүчөсүнүн өсүүсүнө ата-эне жакшылап көңүл буруусу зарыл экенин белгиледи. Эгерде кандайдыр бир маселе жаралса дароо дарыгерге көрсөтүү сунушталат.

"Айрым учурда жыныс мүчөсү чоңойбой калгандар болот. Алар 20 жаштан өткөндөн кийин урологго келсе көйгөйдү чечүү кыйын", — деди ал.

Дарыгер учурда жаштар гаджеттерге көп алаксып кыймыл азайганын, бул көрүнүш салмак кошоруна, семиздик бел кубатка терс таасир берерине токтолду. Мындан тышкары, эркектердин психологиялык абалы менен бел кубаттын байланышын түшүндүрдү.
Ошондой эле ал импотенцияны азыркы учурда "акыркы өкүм" эмес деп белгилеп, дарылоо ыкмалары пайда болгонун айтты. Биз Рысбаевге жалпы он суроо узатып, жооп алдык.
Тема боюнча:
Уулум "апа, мени өлтүрүп койчу" деп жалбарчу. Ракты жеңген аялдын баяны
Ашказан, жоон ичегиден кызыл өңгөч жасайбыз. Эндовидеохирургдун видеомаеги