Ташиев: УКМК кызматкерлери ишине берилбесе мамлекетке кыйын болот

УКМК төрагасы башка аймактарга караганда Баткенде иштөө сыймыктуу экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жөн эле күн өткөрүп жүрө бербестен берилгендик менен иштеш керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Лейлектеги башкармалыгынын имаратынын ачылышында айтты.
Анын сөзү боюнча, Лейлекте да бардык жердегидей эле шарттар түзүлгөн.

"Баткенде иштөө сыймыктануу менен айтылат. Анткени шарты оор, катаал, алыскы аймак. Азыр шарттар жакшырып калды. Бишкекте, башка аймакта деле ушундай эле имарат жана шарт. Андыктан жөн эле күн өткөрүп жүрө бербестен сүйүнүү жана берилгендик менен иштеш керек. Бүгүн кайсыл ишти кылдым, андан кандай натыйжа болду деп ар бир күнүңөрдү текке кетирбей кызмат өтөгүлө. УКМКнын кызматкерлери берилгендик менен иштебесе мамлекетке кыйын болот", — деген Ташиев.

Ошондой эле ал көйгөй жаралса кызматкерлер бардык маселе боюнча кайрыла аларын кошумчалады.
УКМК төрагасы машыгуу залында да болуп, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен күч сынашты.
Ташиев менен Ятимов Тажикстанда чек ара маселеси боюнча жолугушту