Путин менен эпке келсе болот экен. Орбандын Россияга сапары Батышка бүлүк салууда

Орбандын айтымында, "брюсселдик бюрократтардын Украинада тынчтык орнотуу боюнча акылга сыйгыс чечимдери" эч кандай жыйынтык берген жок.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен РФ президенти Владимир Путиндин жолугушуусу батыш саясатчыларынын Россия менен сүйлөшүүгө болбойт деген ишенимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Focus журналынын шеф-корреспонденти Ульрих Райц YouTube каналына чыккан материалында жазганын РИА Новости кабарлады.
Эскерте кетсек, Орбан Москвага 5-июлда барган. Премьерди Путин тосуп алып, лидерлер Украина кризиси баштаган бир катар маселелерди талкуулашкан.
"Евробиримдик АКШнын жетеги менен Украинага аскердик жардам берүүдөн башка жол жок деп чоң кыйынчылык менен бирдиктүү стратегия бекитип алган эле. Азыр анын кыйрап жатканына катуу нааразы болуп турат. ЕБ Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып келген маалда Орбан "жетекчилердин каршылыгына карабай" Москвага келип, Путин менен жолукту. Демек, Путин менен сүйлөшүп, эпке келсе болот экен", — деп жазылат макалада.
Орбан сапарын өлкөсүнүн кызыкчылыгы жана тынчтык орнотуу далалаты менен түшүндүргөн. Анткен менен визит Батышта терс реакция жаратты. ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель менен Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель атайын билдирүү таратып, Орбан ЕБдин тышкы саясатында өкүл боло албай турганын жана Россияга барууга мандат берилбегенин айтып чыгышты. Ал эми Еврокомиссия премьердин сапары Батыштын Украинага карата биримдигине доо кетирип жатканын билдирген. Орбан өз кезегинде "брюсселдик бюрократтардын Украинада тынчтык орнотуу боюнча акылга сыйгыс чечимдери" эч кандай жыйынтык бербегенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан НАТОнун Украина боюнча саясатын сындады