ЖМКлар НАТО Байдендин саламаттыгына катуу түйшөлүп жатканын жазышууда

Жо Байден менен Дональд Трамптын алгачкы дебаты 28-июль күнү Атланта шаарында болгон. Байден анда такалып, оюн топтой албай кыйналган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. АКШнын НАТО боюнча союздаштары америкалык президент Жо Байдендин алдыда боло турган шайлоодо жеңишке жетеринен күмөн санап жатышат. Мындай жыйынтыкка Politico альянска тиешеси бар 20 аткаминер менен сүйлөшкөндөн кийин келген.
Гезиттин жазганы боюнча, НАТО саммитинин (9-11-июль) алдында дипломаттар менен дүйнөлүк лидерлер Байдендин жаш курагына, саламаттыгына жана жеңишке жетүү жөндөмүнө катуу тынчсызданышууда. Politico чет элдик чиновниктер Байдендин кайра шайланышына кызыкдар экенин, алардын пикиринде, Дональд Трамп президент болуп келсе альянска жик салып, Украинаны колдоо боюнча аракеттерди жокко чыгарып саларын жазды.
"Байдендин жакында эле болуп өткөн дебаттагы жүрүм-туруму аткаминерлерди катуу ойго салып койду. Алар Байден Трампты жеңип, дүйнөлүк державаны жетектөө үчүн өтө эле алсыздык кыларын айтышууда", — деп жазылат макалада.
Эскерте кетсек, Жо Байден менен Дональд Трамптын алгачкы дебаты 28-июль күнү Атланта шаарында болгон. Байден анда такалып, оюн топтой албай, атаандашына тийиштүү деңгээлде туруштук бере алган эмес. Ал эми иш-чарадан соң тепкичтен жубайы түшүрүп кеткен.
Байдендин мындай ийгиликсиз кадамынан кийин анын саламаттыгына, жөндөмүнө күмөнсүгөн кеп-сөздөр жаралып, талапкер алмаштырылышы мүмкүндүгү айтылган. Президент дебатта ката кетирип уят болгонун мойнуна алса да штабы жана Демократиядык партиянын улуттук комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушууда шайлоого катышуудан баш тартпай турганын жар салган.
Экинчи дебат 10-сентябрда өтөт, ал эми президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген.
Байден дебатта уят болгонун мойнуна алды. Трамптын жаңы сунушу