Радио

Мурунку Ленин заводунун ичинде 10дон ашык ишкана ачылат

"Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти Шамил Борончиев Кыргызстандагы өндүрүш жолго коюлса өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө шарт түзүлөрүн айтты.
Sputnik
Мурунку Ленин заводунун базасында бир катар ишканаларды ачып, 10 миңдей кишини иш менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Убагында бул заводдо 30 миңдей адам эмгектенип, өлкөнүн өндүрүшү алдыда болгон. Бул тууралуу Шамил Борончиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мурдагы Ленин заводунда "Кыргыз бетон курулуш", "Кыргыз темир мык", "Кыргыз зоот", "Кыргыз топчу", "Кыргыз медикеар" сыяктуу ишканалар түптөлүп, иштеп жатат.

"Өндүрүш өлкө экономикасынын локомотиви боло алат. Учурда "Кыргыз индустрия" мурунку Ленин заводунун базасында бир катар ишканаларды ачып, 10 миңдей кишини иш менен камсыз кылууну пландап жатат. Убагында бул заводдо 30 миңдей адам эмгектенип, өлкөнүн өндүрүшү алдыда болгон. Бүгүнкү күндө эскилиги жетип каралбай калган заводду акырындык менен калыбына келтирип жатабыз. Учурда "Кыргыз бетон курулуш", "Кыргыз темир мык", "Кыргыз зоот", "Кыргыз топчу", "Кыргыз медикеар" сыяктуу ишканалар түптөлүп, иштеп жатат. Өндүрүштүк кубаттуулугун арттыруу максатында жергиликтүү жана чет элдик өнөктөштөр менен бирге дагы ишканаларды ачууну мерчемдеп жатабыз. Өзгөчө медицинага тиешелүү буюмдарды өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ушундай кадамдар менен гана өндүрүштү жолго салып, экономиканын өсүшүнө шарт түзө алабыз", — деди Борончиев.

Ошондой эле ал машина куруу, анын тетиктерин жасоо, айыл чарба багытында жер семирткичтерди өндүрүү, жүн иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга убакыт келгенин кошумчалады.