Министр Ноокатта селден кийин электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин көрдү

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ноокат районунда селден кийин электр энергиясы менен камсыздоо дароо калыбына келтирилген. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Абшыр-Ата айылындагы аба чубалгыларын жана трансформаторлорду калыбына келтирүү иштерин көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолуккан.
1 / 4

Ноокат районунда селден кийин электр энергиясы менен камсыздоо дароо калыбына келтирилген. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

2 / 4

Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Абшыр-Ата айылындагы аба чубалгыларын жана трансформаторлорду калыбына келтирүү иштерин көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолуккан

3 / 4

Маалыматта иштерге Ноокат, Араван, Сулайман-Тоо, Ош РЭТтеринен авариялык бригадалар тартылганы айтылат

4 / 4

Министр электр чубалгыларынын мамыларын агызып кеткен учурда тез арада калыбына келтирип, ыкчам аракет көргөнү үчүн энергетиктерке ыраазычылык билдирген

"Эл энергетиктердин эмгегине ыраазы болуп, алардын кызматы менен катуу келген селден кийинки алгачкы күндөрдөн эле үйлөрүндө жарык калыбына келтирилгендигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта иштерге Ноокат, Араван, Сулайман-Тоо, Ош РЭТтеринен авариялык бригадалар тартылганы айтылат. Министр электр чубалгыларынын мамыларын агызып кеткен учурда тез арада калыбына келтирип, ыкчам аракет көргөнү үчүн энергетиктерге ыраазычылык билдирген.
Эскерте кетсек, 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Атасында сел жүрүп, 10 кишинин өмүрү кыйылган. Көз жумгандардын көбү балдар экени маалым болгон.
Ноокатта селден жабыркагандарга Өзбекстандан гумжардам келди