Радио

Мамытов: Макрондун Путин менен сүйлөшүү каалоосу жөн гана пиар

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Батыш Украинада тынчтык орношун кааласа Кытайдын сунушун кабыл алмак деген пикирин айтты.
Sputnik
Макрондун Путин менен диалогду улантууга ынтызарлыгы шайлоо алдындагы пиар болду. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Макрон өлкөсүндө жаралган экономикалык кризис жана элдин нааразычылыгынын курчушунан улам шайлоо алдында өзүн жарнамалоо максатында Путин менен диалог кургусу келет.

"Франция президенти Эммануэль Макрон РФ лидери Владимир Путин менен диалогду улантмактыгын, тигил же бул тема боюнча сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын билдирди. Бирок бул, тилекке каршы, жөн гана шайлоо алдындагы пиар аракети болуп кала берди. Анткени Батыш эгер Украинада тынчтык болушун кааласа Кытайдын сунушун, ошол эле Путиндин сунушун кабыл алмак. Өлкөдө экономикалык кризис күчөп, эл Парижге чейин келип митингдерге чыгып жатканы Макронду ушундай кадамга түрттү. Анын пиар-кампаниясы Путин менен телефон аркылуу болсо да үч мүнөт сүйлөшүү жүргүзсө ошону негизги жарнама кылууга белсенген",— деди Мамытов.

Ал Батыш өз кызыкчылыгы үчүн Украинаны алсыратып, талкалап жок кылуудан кайра тартпай турганын кошумчалады.