Москвада кароосуз калган төрт ымыркай Кыргызстанга алып келинди

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 2 айдан 10 айга чейинки төрт ымыркай өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми министрлик балдарды биологиялык туугандарына кайтаруу боюнча иштерди жүрүзөт.
"Баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштер жүргүзүлөт", — деп жазылган маалыматта.
Ымыркайларды кайтарууга Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Саламаттык сактоо министрлиги көмөк көрсөткөнү кошумчаланды.
Кыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланат