Эксперт: өлкө ичинде суу рыногун түзүп, анын өздүк баасын аныктап чыгуу зарыл

Экономист Кубат Рахимов сууну товар катары кароо аркылуу анын тартыштыгын алдын алууга болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өлкө ичинде суу рыногун түзүп, анын өздүк баасын аныктап чыгуу зарыл. Бул тууралуу экономист Кубат Рахимов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, эгерде өлкө ичинде суу сарамжалдуу пайдаланылып эсеп-чоту болсо, башкалардан да акы суроого жол ачылат.

"Өндүрүштөгү жана айыл чарбадагы бардык процесстерде сууну пайдалануунун эсебин чыгаруу керек. Суу баасынын ички рынокто калыптанышы өлкөгө пайда алып келет. Бул ресурстан акы алуу сунушу менен коңшуларга жана эл аралык уюмдарга барбай, суунун баасын "ичтен" калыптандыруу шарт. Эгерде өзүбүздө суу сарамжалдуу пайдаланылып, анын эсеп-чоту бар экенин көргөзө алсак, башкалардан дагы талап кылууга жол ачылат", — деген Рахимов.

Ошондой эле ал өндүрүш менен айыл чарбада суу көп колдонуларын, бирок салык азыраак төлөнөрүн айткан.
"Ооба, өлкө ичинде суу рыногун калыптандыруу дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн нааразылыгын жаратат. Анткен менен суу күйүүчү май, электр энергиясы, байланыш сыяктуу эле инфраструктуралык товар экенин аңдоо зарыл. Демек, сууну коротуу эрежелери рыноктун тартиптери менен жөнгө салынышы керек", — деген эксперт.
Сууну товар катары кароо мезгили келди. Министрдин орун басары менен маек