"Азия балдары" оюндары жыйынтыкталды. Кыргыз спортчулары канча медаль алды?

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Якутскиде өткөн VIII "Азия балдары" оюндарында Кыргызстан командасы 33 медаль алып, 11-орунду ээледи. Бул тууралуу иш-чаранын сайтында жазылган.
Аталган турнир 26-июндан 7-июль аралыгында болуп, 24 спорттун түрү боюнча беттештер уюштурулду. Жалпы 239 комплект медаль ойнотулган.
Кыргызстандын спортчулары 24 команданын ичинен 33 медаль алып, 11-орунду ээледи. Өлкөнүн байге куржунунда алты алтын, 12 күмүш жана 15 коло байге топтогон.
Командалык эсепте алдыңкы үчтүктү Өзбекстан, Россиянын Сибирь федералдык округу жана Беларусь ээледи.
Эске салсак, аталган турнирдин биринчиси 1996-жылы Россиянын Якутск шаарында болгон.
"Азия балдары" оюнунда кыргызстандык боксчулар эки алтын медаль жеңди