8-июлга карата аба ырайы

8-июлга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 8-июль, дүйшөмбүдө, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаашы мүмкүн. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +29...+34, Ысык-Көл облусунда +20...+25, Нарын жергесинде +22...+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +27...+29, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Аптаптуу ысык болбойт, өткүн өтүп турат. Аба ырайынын бир жумалык божомолу