Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин жыйынтыгы боюнча 3 документке кол коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. – Sputnik. Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы катышты. Бейформал саммит Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Карабах декларациясы;
Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгынын штаттык санын жана бюджетин көбөйтүү тууралуу чечим;
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташуу жана эл аралык автомобиль ташуу чөйрөсүндө электрондук уруксатты (Е-Permit) пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Садыр Жапаров Азербайжанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы