Ташиев менен Ятимов Тажикстанда чек ара маселеси боюнча жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантып, жолугушуунун жыйынтыгында жумушчу топторго конкреттүү тапшырмалар берилди.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөнү белгиленди.
Жалал-Абадда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 11 бангладештик кармалды