Минскиде КМШ мамлекеттеринин эксперттери коопсуздук маселесин талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Минскиде КМШ мамлекеттеринин ИИМинин жана шериктештик өлкөлөрүндөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү координациялоо бюросунун эксперттеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
1 / 2

Минскиде КМШ мамлекеттеринин ИИМинин жана шериктештик өлкөлөрүндөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү координациялоо бюросунун эксперттеринин жыйыны болуп өттү

2 / 2

Кеңешмеге Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларустун күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан

Кеңешмеге Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларустун күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан.
Анда кызматташтык жана жамааттык коопсуздук маселелери каралды. Жолугушуу КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулган. Ал августта Беларуста өтөт.
"Экстремизм, терроризм, киберчабуул сыяктуу жаңы заманбап коркунучтар пайда болууда. Бизде кылмыштардын бул түрлөрүнө каршы туруу боюнча тажрыйбабыз бар, аны менен бөлүшүүгө даярбыз", — деген Беларусь ИИМинин башчысынын орун басары Юрий Назаренко.
Чогулгандар пландалган бардык темаларды талкуулап, алдыдагы форумга керектүү документтерди макулдашышкан.
Бишкектеги жаңжал: президент ИИМ тиешелүү чараларды өз учурунда көрбөгөнүн айтты