Маданият министри: аспаптарды жаңырттык, бирок музыкант жетишсиз

Министр өлкөдө гобоисттер жокко эсе экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өлкөдө айрым музыкалык аспаптарды ойногон адистер калбай калганын айтып, аларды мамлекеттин тапшырмасы менен чет жактан болсо да окутуп даярдаш керектигин 2024-жылдын жарым жылдыгына арналган коллегиялык отурумда билдирди.
Министр мамлекеттин каржылоосу менен кымбатына карабай музыкалык аспаптар жаңыртылганын белгиледи.
"Бизде бир нече оркестр бар, бирок бир эле артист 3-4 оркестрде ойнойт. Азыр айрым инструменттерде ойногон артисттерибиз жок калыптыр. Мисалы, бизде гобоисттер жокко эсе. Оркестрлерди жоготуп алуу коркунучу бар. Аспаптарды алуу оңой, бирок ошолорду ойной турчу музыканттардын жаңы муунун окутуп-тарбиялап, даярдап алышыбыз керек. Ал үчүн керек болсо Москвадан, Кытайдан, Европадан мамлекеттик тапшырма менен профессионал музыканттарды, адистерди даярдап келишибиз зарыл", — деген министр.
Ал музыкалык маданиятты сактап калуу дагы маанилүү милдет экенин кошумчалаган.
Ысык-Көлдө ГИТИСтин жайкы мектеби ишин баштады