Радио

Манасчы "алакчы" деген сөз эмнени түшүндүрөрүн айтты

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манастагы "алакчы" деген сөз жалган дүйнө, оопасыз дүйнө дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, эпосто бул сөз философиялык ойлор айтылган учурларда колдонулуп жүрөт.
"Манаста" "алакчы" деген көөнө сөз кездешет. Ал жалган дүйнө, оопасыз дүйнө деген маанини билдирет. Эпостогу философиялык ойлорду айтканда баатырлардын дүйнө таанымын сүрөттөгөн саптарда көп жолугат", — деди Талантбеков.
Манасчы учурда эпостогу сөздөрдү колдонуу менен кооз сүйлөөгө кызыккандар көбөйүп жатканын кошумчалады.