Кыргызстан балды кымбат баада экспорттой баштады

Өлкөдөн кеминде 13 мамлекет бал алат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстан балды кымбат баада көбүрөөк экспорттой баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында жазылган.
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында жалпы суммасы 734,6 миң долларлык 138,7 тонна бал сыртка сатылган. Белгилей кетсек, былтыр ушул эле мезгил аралыгында өлкө сыртка 119,2 тонна (431,9 долларга) чыгарган.
Бал алган мамлекеттер:
Кувейт — 31,6 тонна;
АКШ — 27,8;
Кытай — 26,7;
Бириккен Араб Эмирликтери — 23;
Казакстан — 8;
Малайзия — 5,8;
Япония — 5,3;
Катар — 3,2;
Корея Республикасы — 2;
Бахрейн — 1,5;
Белгиленбеген мамлекеттер — 1,2
Индия — 1;
Иордания — 0,8;
Сауд Арабиясы — 8.
Радио
Кыргызстан Кытайга эт экспорттоону пландап жатат