Көчмөндөр оюндарына бара турган улакчылар белгилүү болду. Тизме

Турнирде көк бөрү жана жер улак боюнча мелдештер өтүп, бир улакчы спорттун эки түрүнө тең катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Казакстанда 8-13-сентябрда өтө турчу V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 18 улакчы барат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнирде көк бөрү жана жер улак боюнча мелдештер өтөт. Анда бир улакчы спорттун эки түрүнө тең катыша алат.
"Окуу-машыгуу учурунда өзүн мыкты көрсөткөн алты оюнчу спорттун эки түрүнө тең катышат", — деп айтылат маалыматта.
Учурда улуттук курама команда Ысык-Көлдө машыгууда. Сентябрдын башында алар саяпкерлер, машыктыруучулар жана жетекчилердин коштоосунда Астанага барары кошумчаланды. Оюнчулардын минген аттары дагы жөнөтүлөт.
Кыргызстандын улуттук курама командасына кирген оюнчулар:
Жолдошбек Орозбаев;
Манас Ниязов;
Дастан Сагынбек уулу;
Эрлан Төлөбеков;
Дастан Русланов;
Рустам Тыналиев;
Фархат Бейшекеев;
Ильяз Исаков;
Кубаныч Султан уулу;
Кушчубай Илис уулу;
Исхак Бекболот уулу;
Нооруз Раатбек уулу;
Өмүрбек Эсен уулу;
Нуржан Мелисбек уулу;
Нурдин Болотбеков;
Эмирлан Жеңишбеков;
Майрамбек Рыспеков;
Баяман Муралим уулу.
Көк бөрү Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын программасына кирди