Июнь окуясында милиционерлерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармалды. Видео

Кылмышка шектүү 33 жаштагы киши узак убакыттан бери сыртта жашырынып жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 2010-жылдагы Июнь окуясында Ош шаарында милиция кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген киши чет мамлекеттен кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Маалыматка караганда, 33 жаштагы жаран сыртта жашырынып жүргөн.
"Тергөөнүн маалыматы боюнча, 1995-жылы туулган Н.Х. 2010-жылы Ош шаарында болгон окуя учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө активдүү катышкандардын бири болгон. Учурда Кыргызстандын аймагына алып келинип, камалды", — деп жазылган маалыматта.
Аны кармоого КМШ мамлекеттериндеги уюшкан кылмыштуулукту координациялоо боюнча бюро, КРдин Башкы прокуратурасы, Ош облустук милициясы жана Россиянын Москва облусунун полициясы көмөктөшкөн.
ИИМ 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-издөө иштери уланып жатканын белгиледи.
Июнь окуясында элге кол салып, мыкаачылык менен өлтүргөн деп 6 адам кармалды